Казакстанда эл аралык көчө театрлар фестивалы өттү

Казакстанда эл аралык көчө театрлар фестивалы өттү

Түркестанда көчө театрларынын эл аралык фестивалы өттү. Казакстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан маданий иш-чарага Түркия, Өзбекстан, Кыргызстандан өнөрпоздор келишти. Алар эки күн бою шаардын чок ортосунда мыкты спектаклддерин көрсөтүп, өз ара жарышышты.  Көчө театры – театр искусствосунун эң байыркы түрү. Анын өзгөчөлүгү мында билеттер сатылбайт. Өнөр сүйүүчүлөр коому искусство чыгармаларына акысыз күбө болушту. Уюштуруучулардын айтымында, бул көрүүчүлөрдө өзгөчө сезимдерди жаратып, сыйкыр дүйнөсүнө жетелейт. Артисттердин оюнун профессионал адамдардан турган калыстар тобу кылдаттык менен көзөмөлдөп турду.

Мукагали Кенжетай уулу, облусттук маданият жана туризм башкармасынын бөлүм башчысы:
-Эң кубанычтуусу, катышуучулар боордош түрк мамлекеттеринин бир нече өлкөлөрүнөн келишкен. Он үч театр жамааты арыз берип, катышып жатат. Эми аты айтып тургандай театрлар өздөрү даярдаган спектаклдерин көрүүчүлөр менен биргеликте көчөлөрдө, ачык аянттарда элге тартуулайт.

Алмагүл Алсейитова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:
-Көчө театрларынын фестивалына катышып жаткан Өзбекстандан, Түркиядан келген жана ушул иш-чарага чакырган казак досторубузга ыраазычылык билдирем. Кечээ келип, бүгүн спектакль койдук. Баары ийгиликтүү болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков