Мамлекет башчысы Cameco корпорациясынын президенти Тим Гитцелди кабыл алды

Мамлекет башчысы Cameco корпорациясынын президенти Тим Гитцелди кабыл алды

Казакстан Президентинин Нью-Йоркко болгон жумушчу сапарынын биринчи күнү абдан маанилүү окуяларга бай болду. Мамлекет башчысы ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Атап айтканда, Camecо трансулуттук компаниясы менен. Бул компания ата мекендик «Казатомпромдун» өнөктөшү болуп саналат жана өлкө экономикасына 500 миллион доллардан ашык инвестиция салуу менен гана чектелбестен, технологияларды трансферт кылууга да көмөктөштү. Республика үчүн анын инновациялык ыкмалары кызыгууну жаратат.


Мамлекет башчысы Goldman Sachs Global Institute уюмунун президенти Джаред Коэн менен глобалдык маселелер боюнча жолугушуу өткөрдү.


Касым-Жомарт Токаев Goldman Sachs Global Institute уюмунун глобалдык маселелер боюнча президенти менен санариптик чөйрөдөгү кызматташтыкты жана жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Америкалык алдыңкы инвестициялык банк санариптик каржы платформасын киргизүү боюнча чоң тажрыйбага ээ.


Касым-Жомарт Токаев Educational Testing Service (ETS) уюмунун президенти жана башкы аткаруучу мүдүрү Амит Севакты кабыл алды.


Билим берүү тестирлөө кызматынын жетекчиси менен жолугушууда тестирлөө жана билимди баалоо жаатында өнөктөштүк, ошондой эле жасалма интеллектти киргизүү маселелери көтөрүлдү. Амит Севак өлкө менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Белгилей кетсек, ETS жыл сайын дүйнөнүн 180 өлкөсүндө 50 миллиондон ашык тест иштеп чыгат жана ишке киргизет.


Президент Смитсон институтунун жетекчилиги менен жолугушту.


Казакстандын президенти Смитсон институтунун өкүлдөрү менен маданий өз ара аракеттенүү жана АКШда казак маданиятын жайылтуунун келечегин талкуулады. Белгилей кетсек, казакстандык окумуштуулар кийинки жылдан баштап анын структураларында такшалмадан өтө алышат.

 

Саясат Нурбек, Илим жана жогорку билим берүү министри:


- «Болашак» программасынын алкагында азыр белгилүү Смитсон институтунун базасында ар кандай тармактар ​​боюнча такшалмалар уюштурулат - антропология, тарых, маданият таануу, дин таануу жана башкалар. Экинчи жолугушуу тестирлөө жана билим берүү жаатындагы дүйнөлүк лидер Educational Testing Service менен өттү. Бул борбор менен биргеликте методологияны, мазмунду өзгөртүү, башкача айтканда, биздин УБТны трансформациялоо боюнча иш алып барабыз. Кийинки айда Казакстанга атайын изилдөөчүлөрдүн чоң делегациясы келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков