Казак балет чеберлери Женевада өнөр көрсөтөт

«Астана Балет» театры Женеванын маданий борборунда казак улуттук жана заманбап хореографиялык өнөрүнүн мыкты чыгармаларын тартуулайт. Борбор калаанын искусство жамааты Швейцариянын Эгемендүүлүк күнүнө карата дүйнөнүн борбору деп таанылган шаарда өнөр көрсөтөт. Казак балет чеберлери гастролдук сапардын алкагында жергиликтүү искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына бир нече спектакль коёт. Программада дүйнөлүк балет шедеври «Кармен-сюита» балети, «Тагдыр сыноосу» автордук спектакли жана «Улуу талаа мурасы» гала-концерти бар. Атайын эмгектерди масштабдуу жасалгалар жана таасирдүү бийлер толуктайт.

Нурлан Канетов, «Астана балет» театрынын көркөм жетекчиси:
- Биз Альберто Алонсонун «Кармен сюита» спектаклин тандап алдык. Мындан тышкары, ата мекендик хореографтардын эмгектерин көрсөтүүнү максат кылдык. Менимче, кандай гана тур болбосун тажрыйба алмашуунун, маданий салттарды жайылтуунун бирден-бир жолу. Бул жагынан алып караганда, Женева биз үчүн жаңы шаар. Албетте, толкундандык, белгилүү маданий борбордо концерт коюу чоң жоопкерчилик. Биз тартуулаган спектаклдер, албетте, алдыңкы спектаклдер. Женева көрүүчүлөрү чыгармаларды зор урматтоо менен кабыл алат деп ишенебиз.

Белгилей кетсек, «Астана балет» дүйнөнүн белгилүү сахналарында өнөрүн көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө казакстандык сахна ээлери Кытай, Франция, Австрия, Корея, Венгрия, Азербайжан, АКШ, Польша, Италия жана Жапониянын көрүүчүлөрүнүн алкышына татыган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков