Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кечээ дагы бир казакстандык Адил Кадырбековдун сөөгү урандылардын астынан чыгарылды. Сөөктү казакстандык куткаруучулар табышкан. Ал эми Сабина Мамадярова тирүү табылды. Белгилей кетсек, Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миңден ашты. 72 миңден ашык жаран жабыркаган.
Сириядагы абал да оор бойдон калууда. Жакында БУУ гуманитардык жардамды Идлибдеги бир көзөмөл пункту аркылуу жеткире алды. Курман болгондордун саны үч жарым миңге жетти. Жалпысынан эки өлкөдө тең курман болгондордун саны 21 миңден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков