Чакан калктуу-конушта элүүдөн ашык жоогазын өстүрүүчү чарба бар. Майрамдын алдында багбандардын иши көбөйөрү турган иш. Анткени сезондо суроо-талап бир нече эсеге артат. Дыйкандардын айтымында, өлкөдө өстүрүлгөн жоогазындар чет өлкөнүкүнө караганда бат соолуп калбайт. Азыр гүлдүн 15ке жакын түрүн өстүрүп, жалган куран айы майрамына карата сатыкка коюшту.
Оразгелди Байсейитов, ишкер:
- Нидерландыдан пияз түрүндө келет. 165 миң пияз түрүндө алып келип отургуздук. Бизде суроо-талап жакшы.
Белгилей кетсек, былтыр Казакстандын гүлдөрүнүн экспорту 10 пайыздан ашык өсүп, 2,7 миллион долларга жеткен. Өлкөдө өскөн роза, хризантема, лилия гүлдөрүнө, ошондой эле кооздук үчүн колдонулуучу гүлдөргө суроо-талап жогору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков