«Хандар санжырасы» кол жазмасы ЮНЕСКОнун эл аралык «дүйнө элеси» тизмесине кирди. Мындай чечим уюмдун Париждеги Башкы кеңсесинде Аткаруучу кеңештин 221-сессиясында кабыл алынды. Дүйнө тааныган бул уникалдуу экспонат казак хандарынын санжырасынын бай экендигинен кабар берет. Ошондой эле тарыхый инсандардын келип чыгышын жана алардын башка элдер менен байланышын аныктоого мүмкүндүк берет. «Хандар санжырасы» - узундугу 3 метрден ашкан, XVIII кылымда Чагатай тилинде жазылган, бүктөлмө кагаз түрүндөгү документ. Белгилей кетсек, буга чейин бул тизмеге Кожа Ахмед Ясауинин кол жазмалары, «Невада-Семей» антиядролук кыймылына тиешелүү архивдик материалдар жана Арал деңизинин архивдик фонду киргизилген.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

