Казакстанга Сауд Арабиясынан туристтер тартылат

Миң уккандан, бир көргөн артык. Казакстан блогерлер, ЖМК жана Сауд Арабиясынын туристтик компанияларынын өкүлдөрү үчүн маалыматтык тур уюштурат. Аталган иш-чаранын аркасында Араб жарым аралындагы өлкөлөрдүн жарандарына Казакстандын кооз жерлерин аралап, өз көзү менен көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле, эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуу чөйрөсү кеңейтилет. Туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен Королдуктун Казакстандагы элчиси Файсал Ханеф Х.Алкахтанинин жолугушуусунда тармактын дарамети талкууланды. Тараптар келерки жылы мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. Ошону менен бирге, Сауд Арабия өкүлдөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырылды. Иш-чара 2024-жылдын аяк оона айына пландаштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков