Өлкөдө этностор аралык ынтымакты бекемдөө маселелери Мамлекеттик кеңешчинин төрагалыгы алдында өткөн республикалык жыйында талкууланды. Ерлан Карин белгилегендей, мамлекеттик органдар тарабынан бул багытта системалуу жана комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул ишке жаңы ыкмаларды тынымсыз киргизүү зарыл экендигине көңүл бурду. Кеңешменин соңунда мамлекеттик кеңешчи жооптуу мамлекеттик органдарга этностор аралык ынтымакты жана биримдикти камсыз кылуу жаатындагы ички саясат чөйрөсүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

