Казакстан Кипр менен кылмыш-укуктук чөйрөдө эки тараптуу келишимге кол койду. Сенаторлор тараптардын качкындарды экстрадициялоону жөнгө салуучу компетенттүү органдарынын ортосундагы келишимди жактырышты. Документке ылайык, сот өкүмүн аткаруудан качкан адамдын аракети эки өлкөдө тең кылмыш катары каралышы керек. Мындан тышкары, издөөдө жүргөндөргө бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу кажет. Жогорку палатанын депутаттары тараптардын ортосундагы кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамды да колдоду. Келишимде бул багыттагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча бир катар процедуралык маселелер камтылган.
Маулен Ашимбаев,
Парламент Сенатынын төрагасы:
- Бекитилген
мыйзамдар Казакстан менен Кипр Республикасынын ортосундагы укук коргоо
тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган. Бул келишимдер коомдун жана
мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эл аралык келишимдердин
катарына кирет. Макулдашуунун жоболору экстрадициялоонун шарттарын жана
тартибин, ошондой эле жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө
салат. Алдыдагы убакытта бул мыйзамдар кылмыштуулукка каршы күрөштө эки өлкөнүн
биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжалуулугун арттырат деп ишенебиз.
Азыркы учурда
Казакстандын башка өлкөлөр менен кылмыш иштеринин алкагында экстрадициялоо
боюнча 20дан ашык келишими бар. Бүгүнкү күндө өлкө кылмыш-укуктук чөйрөдө 34
мамлекет менен 73 эки тараптуу келишимге кол койгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков