Казакстан 2024-жылы саякаттоо үчүн эң мыкты 24 өлкөнүн катарына кирди. Бул тизмеге өлкөнү глобалисттер үчүн британиялык Wanderlust журналы кошкон. Басылманын редакторлору жыл сайын алыскы сапарларды пландаштыруу үчүн дүйнөдөгү эң мыкты жана эң кызыктуу багыттарды тандап алышат. Жалпысынан тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, Казакстандын кооз жаратылышы, бай тарыхый-маданий мурасы жана меймандостугу көпчүлүктүн кызыгуусуна айланып келүүдө. Маселен, былтыр Саты айылы дүйнөдөгү эң мыкты туристтик айыл деген наамга ээ болду. Ал эми быйыл The New York Times басылмасынын маалыматы боюнча Алматы эң мыкты 52 туристтик багыттын катарына кирген. Кошумчалай кетсек, Италиянын белгилүү тармактык журналы Шымбулакты ТОП-5 лыжа тебүүчү жай катары тааныган. Кошумчалай кетсек, быйыл «Алтын-Емел» ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, ал эми «Kazakhstan Like Never before» ролиги Европа кинофестивалында эң мыкты аталды. Жакынкы жылдары да бул багытта өлкөнүн аброюн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жетиштүү дешет адистер.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков