Быйыл Жаңаөзен-Түркмөнстан автожолун оңдоо аяктайт. Ал «Түндүк – Түштүк» коридоруна кирет. Башкача айтканда, бул багыт боюнча Орусиядан Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу Иранга, Түркияга жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө товар ташылат. Мындан тышкары, жалпы узундугу 2 миң чакырым болгон 4 ири долбоор да аяктайт. Жалпысынан алдыдагы үч жылда 30 миң чакырымдан ашык жол тилкеси жаңыланат. Ал үчүн өлкөдөгү жол курулуш иштеринин ылдамдыгын беш эсеге арттыруу пландаштырылган. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча Казакстанда автоунаа жолдорунун жалпы узундугу 95 миң чакырымды түзөт. Анын 25 миң чакырымы республикалык, ал эми 70 миң чакырымы жергиликтүү аймакка тиешелүү.
Олжас Бектенов, Казакстандын премьер-министри:
– Жол активдеринин сапатын көзөмөлдөө үчүн жасалма интеллектти активдүү киргизүү зарыл. Аталган тармакты санариптештирүү иштерин пландоо, долбоорлоодон баштап, пайдалануу жана техникалык тейлөөгө чейинки бардык башкаруунун натыйжалуу куралына айланууга тийиш. Транспорт жана Жасалма интеллект министрликтерине, «Казавтожол» компаниясы менен «Сапа борборуна» ушул жылдын аягына чейин республикалык, жергиликтүү жана шаардык тармактар боюнча маалыматтарды интеграциялап, жолдордун абалын, жумуштардын жүрүшүн жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун көзөмөлдөөнүн бирдиктүү санариптик платформасынын ишин камсыз кылууну тапшырамын.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

