Чехияда Казакстандын азыркы социалдык реформалары талкууланды

Чехияда Казакстандын азыркы социалдык реформалары талкууланды

Чехиянын борбору Прагада Казакстандын социалдык реформалары талкууланды. Эл аралык конференцияда Тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко чет элдик саясатчыларды, окумуштууларды жана серепчилерди президент Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан элине кайрылуусунда жарыялаган өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Роман Василенко, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары:

- Конференцияда социалдык жоопкерчиликтүү мамлекетти түзүүнүн түрдүү аспектилери талкууланганын белгилегим келет. Биз социалдык жоопкерчиликтүү бизнеске, саламаттыкты сактоо жана пенсиялык системаларга басым жасадык. Казакстан башка өлкөлөргө салыштырмалуу көп багыттар боюнча, өзгөчө санариптештирүү жаатында алдыда экенине кубандык.

Конференцияга алты өлкөдөн, атап айтканда Польша, Чехия, Венгрия, Словакия, ошондой эле Швеция жана Казакстандан талдоочулар катышты. Алардын ар бири өз өлкөлөрүнүн жетишкендиктерин, социалдык реформаларды ишке ашырууда кездешкен маселелерди баяндап беришти. Катышуучулар сапаттуу медициналык камсыздандыруу, пенсиялык системаны өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн маанилүүлүгү тууралуу ойлорун айтышты.

Корнелл Сванте, Борбордук Азия жана Кавказ институтунун мүдүрү:

- Казакстан көптөгөн программаларды ишке ашырып, тез өнүгүп жаткан өлкө. Эң алдыңкы реформалардын бири билим берүү тармагында. Маселен, мугалимдерди даярдоодо жогорку талаптарга жетишилди. «Болашак» программасын да айткым келет. Казакстан ЖОЖдорго жана интеллектуалдык мектептерге ийгиликтүү инвестиция салды, чындыгында ал жакта окуучулар жана студенттер олуттуу жетишкендиктерге жетишип жатышат.

Казакстандын Чехиядагы элчилигинин мындай конференцияларды өткөрүү демилгеси бир катар мамлекеттер тарабынан колдоого алынган. Ал жакында Европа мамлекеттеринин борборлорунда, анын ичинде Вена жана Брюсселде уюштурулат. Жыйынтыктоочу жолугушууну Казакстанда өткөрүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков