Өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктары

Өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктары

Казакстандын өкмөтүнө кошумча ыйгарым укуктар берилди. Министрлер кабинети эми өлкөдө каатчылык орун алган кезде, парламенттин макулдугусуз эле жаңы мыйзамдарды кабыл ала алат. Мындай актылар сенат тарабынан жактырылганга же жокко чыгарылганга чейин убактылуу колдонулат. Жаңычылдыктар тууралуу юстиция министри Канат Мусин айтып берди.

Канат Мусин, Казакстандын адилет министри:

- Эгер экономика, эл, адамдар үчүн кандайдыр бир оор кесепеттерди алдын алуу зарыл болсо, өкмөт мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны парламентке жибере алат, буга чейин мыйзамдуу күчкө ээ болгон жана күтүлбөгөн кырдаалдарда тез арада жөнгө салуучу токтом чыгара алат. Эгерде парламент бул мыйзам долбоорун кабыл албаса, анда өкмөттүн өзгөчө кырдаал жөнүндөгү убактылуу токтому жокко чыгарылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков