БУУ Баш катчысы: «Биз үчүн Казакстан – жогорку даражалуу өнөктөш»

БУУ Баш катчысы: «Биз үчүн Казакстан – жогорку даражалуу өнөктөш»

«Казакстан-жогорку даражалуу өнөктөш, маданияттар, диндер жана цивилизациялар ортосундагы диалогдун копүрөсү». Мындай пикирин БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Тышкы иштер министри Мурат Нуртилеу менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле ал мамлекетти Борбор Азиянын негизги таянычы жана Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө катары баалап, БУУнун демилгелерин туруктуу колдогону үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди. Башкы катчы республиканын тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө жана адам укуктарын камсыздоого кошкон салымы тууралуу айтты. Өз кезегинде Мурат Нуртилеу Казакстандын тышкы саясатынын артыкчылыктары, Алматыда Борбор Азияда жана Ооганстанда туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык борборду түзүү алкагындагы БУУнун демилгеси, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий реформалар тууралуу айтып берди. Тараптар Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында жолугушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков