Быйыл
баш оона айынын 1де Казакстанда улуттук айыл чарба каттоосу башталат. Өнөктүк 2
миллионго жакын чарбалыкты жана 300 миң айыл чарба өндүрүүчүлөрүн камтыйт. Бул
тууралуу Улуттук статистикалык бюросунун жетекчиси билдирди. Санак тогуздун
айынын 20на чейин уланат. Катышуучулар аяк оона айына чейинки онлайн режиминде
санак баракчаларын өздөрү толтура алышат. Андан кийин өнөктүккө катыша
электерге аралыктан сурамжылоо жүргүзүлөт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн бардык
айыл акимдиктеринде жана райондук статистика бөлүмдөрүндө өзүн-өзү тейлөө
аймактары ачылат. Жарандар кеңеш алуу үчүн sanaq.gov.kz сайтындагы sanaq-Myrza виртуалдык
жардамчысына же 1446 байланыш номуруна кайрылса болот. Улуттук статистикалык бюросу алынган маалыматтардын купуялуулугуна
кепилдик берет. Алар жеке маалыматтар катары эмес, жалпы түрдө иштелип, жарыяланат.
Максат Турлыбаев, Улуттук статистика бюросунун башчысы:
- Бардык этаптар аяктагандан
кийин, биз 2025-жылдын бештин айында санактын алдын ала жыйынтыктарын
жарыялайбыз. Акыркы топтолгон маалыматтар жана аналитикалык отчеттор 2026-жылы
Улуттук статистика бюросунун сайтында жалпыга жеткиликтүү болот. 2025-жылдагы
Улуттук айыл чарба санагы - Казакстандын агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө
жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган стратегиялык маанилүү окуя
экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Алынган маалыматтар натыйжалуу
мамлекеттик саясаттын жана бардык деңгээлдеги айыл чарба өндүрүүчүлөрүн
колдоонун негизи болуп калат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

