Каспий куур консорциуму мунай жеткирүү көлөмүн азайтты

Каспий куур консорциуму мунай жеткирүү  көлөмүн азайтты

Каспий куур консорциуму Казакстандан Орусияга мунай ташуунун көлөмүн бир топ кыскартты. Бул тууралуу консорциумдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматтарга караганда, бул Теңиз мунай кенин оңдоого жана Кашаганда мунай өндүрүүнү токтотуу менен байланыштуу. Натыйжада “Теңиз – Новороссийск” газ кууру аркылуу “кара алтынды” жөнөтүүнүн көлөмү кыскарган. Жалпысынан баш оона айынын башынан бери Казакстанда мунай өндүрүүнүн көлөмү суткасына 13-15 миң тоннага азайганын Энержи монитор билдирди.

Ал ортодо ОПЕК+ өлкөлөрү аяк оона айында мунай өндүрүүнү суткасына 100 миң баррелге көбөйтүшү мүмкүн. Бирок, альянстын жалпы көлөмүнө салыштырмалуу өсүү аз. Белгилей кетсек, аяк оона айында Казакстандын ОПЕК+ келишиминин алкагындагы милдеттенмелери суткасына 1 710 миллион баррельди түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков