Бизнес-инкубаторлорго арналган сынак

Бизнес-инкубаторлорго арналган сынак

Ал ишкердик маданиятынын деңгээлин жогорулатууга, ишкердикти колдоону кеңейтүүгө жана чакан, орто бизнес чөйрөсүндө тажрыйбалуу кадрларды даярдоого багытталган. Сынакка экономиканын кайсы тармагы болбосун катыша алат. Эң негизгиси катышуучунун кызыктуу жана жаңы долбоору болушу зарыл. Стартап инновация, коммерциялык тартымдуулук, масштабдуу дарамет сыяктуу критерийлер боюнча бааланат. Белгилей кетсек, казакстандык бизнес-инкубаторлор арыздарын чын куран айынын 10нан бугу айынын 10на чейин бере алышат.

Данияр Бектенов, QAZINNOVATIONS келечек өнүктүрүү борборунун мүдүрү:

- QazInnovations программанын оператору болуп иштеп жатат. Бул жылы өлкөнүн бардык инкубаторлорунун арасында сынак өткөрүү планыбызда бар. Анда алар арыз берип, биздин кеңешке бизнес долбоорлорун сунуштай алышат. Андан соң долбоорлордун топтому, чоң тажрыйбасы жана тажрыйбалуу командасы бар эң эффективдүү инкубаторлордун жеңүүчүлөрү аныкталат. Бизнес-инкубаторлорду колдоо программасы быйылкы жылы 7 же 10 стартапка колдоо көрсөтүүсү күтүлүүдө, алар өз кезегинде 10-20 стартап идеяларын инкубациялайт. Кийин ал долбоордун оң жана терс жактарын аныктаганда мамлекеттик гранттарга катыша алат же долбоорду өз алдынча ишке ашыра алат. Же жеке инвестицияларды тартат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков