Казакстанда жаңы экономикалык аймак түзүлөт

Казакстанда жаңы экономикалык аймак түзүлөт

Казакстанда жаңы атайын экономикалык аймак түзүү пландалууда. Ал Актөбе облусунда ачылмакчы. Эркин экономика аймагында кийим-кече, паркет жабуулары, целлюлоза чыгарылат деп күтүлүүдө. Ошондой эле, синтетикалык каучук, фармацевтикалык дары-дармектерди өндүрүү боюнча заводдорду ишке киргизүү пландалууда. Экономикалык зонанын негизги артыкчылыктарынын бири – «Батыш Европа – Батыш Кытай» ири транспорт коридорунун жанында жайгашканы болот. Бул Борбор Азияга жана Орусияга өнүмдөрдү сатууну натыйжалуу жолго салууга мүмкүндүк берет. Долбоордун авторлору пайдалуу жайгашкан жери, ошондой эле салык жеңилдиктери жана преференциялар инвесторлорду тартат деп үмүттөнүшөт. Аларга байланыш жабдууларын, тиричилик техникасын, жылыткычтарды жана аккумуляторлорду өндүрүүнү ачуу сунушталат. Эркин экономикалык аймагы объектилеринин өлкө экономикасына кошкон салымы 4 трлн теңгеден ашат деп күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков