Транскаспий эл аралык транспорт багытын өнүктүрүү талкууланды

Транскаспий эл аралык транспорт багытын өнүктүрүү талкууланды

Актауда өткөн бизнес-форумда Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Эске сала кетсек, Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн транспорттук-транзиттик дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурууну жана ТЭТБ аркылуу жүк ташууларды көбөйтүү зарылдыгын тапшырган. 10 өлкөнүн делегациясы, атап айтканда, Каспий чөлкөмүнүн транспорттук компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык серепчилер аймактык транспорттук-логистикалык бизнестин жаңы динамикасына ийгиликтүү ыңгайлашуунун стратегиялык чечимдерин жана инновациялык жолдорун кеңири талкуулашты. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө транспорттук-транзиттик коммуникациялардын дараметин жогорулатуу жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу абдан маанилүү. Талдоочулар жүк ташуу негизинен темир жол аркылуу жүргүзүлөрүн белгилешти. 2022-жылы 1,5 миллион тонна, быйылкы жылдын 8 айында 1,8 миллион тонна жүк ташылган.

Ерлан Койшыбаев, форумдун катышуучусу:
-Дүйнөлүк багытта жүк ташуулардын көлөмү тездик менен артып келүүдө. Алардын арасында Кытайдан Европага жана кайра артка ташылган транзиттик жүктөр, ошондой эле Казакстандын жүк ташуучуларынын экспорттук жүктөрү бар.

«Алтынкөл» станциясынан Грузиянын портуна ТЭТБ аркылуу жүк жеткирүү кыска мөөнөттө ишке ашат. Алдыдагы убакытта аны 14-18 күнгө чейин кыскартуу максаты турат. Актау эл аралык соода порту каттамдын курамдык бөлүгү болуп саналат. Бул жерде эки гана жылдын ичинде жүк ташуу кызматтарынын толук комплекси бар контейнердик хаб курулат. Кошумчалай кетсек, быйыл Казакстан темир жолу дүйнөдөгү контейнердик порт терминалдарынын операторлорунун бири менен келишимге кол койду. Бул ата мекендик транспорттук коридорлорду дүйнөлүк хабдар менен бириктирүүгө мүмкүндүк берет.

Ви Тан Йонг, форумдун катышуучусу:
-Транскаспий дүйнөлүк транспорттук багыты учурда чоң суроо-талапка ээ. Өз кезегинде жүк агымынын көлөмү дагы өсө берери шексиз. Бүгүн биз ортобузда түзүлгөн ишенимди жогору баалайбыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков