БАЭК программасы боюнча Казакстанга 9 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

БАЭК программасы боюнча Казакстанга 9 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды

Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташтык программасы боюнча 20 жыл ичинде Казакстандагы долбоорлорго 9 миллиард доллардан ашык каражат бөлүндү. Өлкө мындан ары да жалпы милдеттерге жетишүү үчүн эл аралык каржылык уюмдар жана БАЭКке катышуучу мамлекеттер менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга ниеттенет. Алсак, республика агро өнөржай комплексин өнүктүрүүгө жана кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн көбөйтүүгө, экспорттун түзүмүн жигердүү өзгөртүүгө жана анын көлөмүн өстүрүүгө багытталган. Ошондой эле-Борбордук Азия мамлекеттеринин транспорттук байланышы менен энергетикалык туруктуулугун камсыз кылуучу масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга. Казакстан аймактагы өлкөлөрдү жана эл аралык каржы уюмдарын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков