Казакстан менен Кыргызстан өз ара соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Өз ара сооданы көбөйтүү максатында тараптар товарлардын ассортиментин 190 позицияга кеңейтүүнү, ошондой эле «Карасу-Актилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплекстерин түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары транзит-транспорт, суу-энергетикалык баланс жана инвестиция тармагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр.
«Биз инвестициялык жана соода саясатын өркүндөтүү боюнча ишти улантуудабыз. Бизнес жүргүзүү жана ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат», - дейт Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев.
Которгон: Илгиз Жамалбеков