Бизнести колдоо жана ишкердик
активдүүлүктү стимулдаштыруу куралдарын өркүндөтүү. Бул тууралуу өкмөт башчы
Алматыга болгон иш сапарында билдирди. Олжас Бектенов өнөр жай аймагынын
объектилерин көрүп чыгып, бул жерде колдонулган тажрыйбаны башка аймактарга
жайылтуу керектигин белгиледи. Тактап айтканда, Премьер-министр жаңы
логистикалык бөлүштүрүүчү борбордун курулушунун башталышы менен таанышты. Анын
аянты 100 миң чарчы метрди түзүп, ал эми баасы дээрлик 13 миллиард теңгеге
жетет. Маалыматка ылайык, жакын арада борбордо ушундай обьекттин экинчиси пайда
болушу керек. Объектти 2025-жылдын 2-кварталында пайдаланууга берүү
пландалууда. Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле кичи индустриалдык парктар
программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Алар атайын чакан
бизнести колдоо максатында иш алып барары белгиленди. Алматыдагы автоунаа
заводу да көңүл сыртында калган жок. Аны толугу менен 16 миллиард
теңгеден ашык инвесторлордун каражаттарынын эсебинен кеңейтүү жана жаңылоо мерчемделүүдө.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
-Казакстан авто
өндүрүш жайы мындан ары да өнүго берет.
Биз, өкмөт, өзүбүз тараптан бизнести колдон келишинче колдойбуз. Мен
сиздерди бул багытта өнүгүүгө, ар кандай тармактарды изоляциялоону
жогорулатууга умтулууларыңыздар бар экенин көрүп турам. Биз кубаттуу автоунаа
державасына айланышыбыз керек.
Алматыда бардыгы
болуп 11 чакан өнөр жай паркы иштейт. Инвестициянын көлөмү 3,6 миллиард теңгени түзөт. 2026-жылга чейин дагы
26 долбоор ишке ашуусу күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков