Казакстанга саякаттоочулардын саны артып келүүдө. Өлкөгө келген коноктордун саны 1 миллион 100 миң адамдан ашты. Алардын көбү коңшу Кытайдан келген туристтер. Жетинин айынын 10нан бери эле КЭРнан 126 миң турист катталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим орногондон кийин эки өлкө ортосундагы туристтик агым бир топ көбөйгөн. Ошентип, Кытайга ошол кезден бери эле 173 миң казакстандык саякаттап барган. Жалпысынан серепчилердин айтымында, Казакстандын эл аралык аренадагы ачыктыгы туризмдин өнүгүшүнө өзгөчө таасирин тийгизди. Визасыз режим азыр 80 өлкөнүн жарандары үчүн иштейт. Алардын арасында Индия да бар. 14 күндүк визасыз режимдин киргизилиши аталган өлкөдөн келүүчүлөрдүн санын 3 эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Тагыраак айтканда, 2022-жылы 28 миң адам болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 78 миң адамга чейин өскөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков