Саха элинин өзгөчө өнөрү менен кайталангыс маданиятын «Якутия казынасы» көргөзмөсүнөн көрүүгө болот. Ал Астанадагы Казакстандын Улуттук музейинде ачылды. Көргөзмөдө таштан жасалган вазалар, асыл таш жасалгалар, баалуу таштар менен кооздолгон канжарлар жана мамонт мүйүзүнөн жасалган азем белектер бар. Саха Республикасынын Казына фондунун коллекциясындагы минералогиялык үлгүлөр Казакстанга атайын алынып келинди. Мындан тышкары, көргөзмө коноктору улуттук салттуу күмүш жасалгалар жана аялдар кийген майрамдык кийимдерге күбө боло алат. Жылкы таптоо темасына өзгөчө көңүл бурулган - Саха элинин ээрлери, ооздуктары жана үзөнгүлөрү да сунушталды. Жалпысынан «Якутия казынасы» көргөзмөсүнүн 100 негизги экспонатын көрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Андрей Захаров, «Якутия Казынасы» көргөзмөсүнүн жетекчиси:
– Бардык экспонаттар уникалдуу болуп саналат. Алардын ар бири баа жеткис байлык деп айта алам. Алар бири-биринен абдан айырмаланат. Албетте, алардын эң баалуусу алмаз. Зер буюмдарына келсек, алардын баалуулугу дагы өзгөчө. Алардын ичинде канча асыл таш коюлган деген суроо конокторду көп түйшөлтөт. Мындан тышкары, чыгармачылыктын баалуулугу баа жеткис десем болот.
Кумар Жүнисов, Улуттук музейдин эл аралык бөлүмүнүн башчысы:
– Бул көргөзмө форматы жагынан өзгөчө. Анткени 4 түрдүү бөлүм бар. Алардын ар бири искусствонун ар кандай түрлөрүн чагылдырат. Бул Якутиянын Казакстандагы маданият күндөрүнүн көшөгөсү болгон алгачкы ушундай иш-чара болуп жатат. Бул максатта иш-чаралар Алматыда жана борбордун башка аймактарында өткөрүлөт. Деген менен, албетте бул иш-чаралар биздин Улуттук музейден башталганы кубандырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков