Казак тайганы менен дөбөтү чек ара кызматында күзөттө. Ата-мекендик тармактын адистери таза кандуу иттердин бул кызматка ылайыктуулугун изилдеп жатышат. Үстүбүздөгү жылдын бугу айынан баштап жергиликтүү кинологдор асыл тукумдардын өзгөчө сапаттарын сыноого киришти. Төрт буттуу болочок сакчылар Алматы облусундагы Кызмат кинологиясы башкармалыгында жаңы көндүмдөргө үйрөтүлүп жатат. Быйыл жыл соңунда тайган менен дөбөт аскердик кызматтын кайсы түрүнө ылайыктуу экени аныкталат. Адистер алардын мамлекетти коргоодо пайдасы тийерине ишенишет. Эске сала кетсек, былтыр кулжа айынан тарта казактын таза кандуу иттерин сактоо, коргоо жана көбөйтүү боюнча мыйзам күчүнө кирген. Документке ылайык, республикада тайган жана дөбөт породаларын багуу боюнча Улуттук борбор түзүлөт. Мында стандартка жооп берген иттер тандалып, таза кандуу породалар чыгарылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков