Жетису облусунун каалаган тургуну 400 миллион теңгеге чейинки грант утуп алышы толук мүмкүн. Сынак санариптик технология тармагындагы ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган. Инновациялык технологиялык долбоорлорго артыкчылык берилет. Бул үчүн талапкерлер жылдын аягына чейин стартаптарын сунуштоого тийиш. Өтүнмө «Startup orda» сайтында кабыл алынат. Каржылык колдоо программасына катышуу акысыз. Эч кандай жаш курак боюнча чектөө жок.
Ерназар Шынасыл, «QAZINNOVATION» инновацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары:
Бизде гранттын үч түрү бар. Анын негизги максаты - бизнесин жаңыдан баштаган ишкерлер жана инноваторлор үчүн, башкача айтканда, технологияларды коммерциялаштыруу максатында. Биринчи этапта 20 миллион, экинчи этапта 80 миллионго чейин беребиз. Негизги максат – адамдын өз өнүмүн иштеп чыгууга жана аны базарга сатууга жардам берүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков