Казакстанда байыркы көрүстөн табылды. Ата мекендик жана эл аралык изилдөөчүлөр тобу өлкөнүн чыгышындагы Көкен шаарчасында жүргүзгөн казуу иштеринин жүрүшүндө бир көрүстөндөн эки адамдын сөөгүн табышкан. ДНК аркылуу алар өспүрүм менен чоң киши экенин, көрүстөн биздин заманга чейинки 6 миң жылдыктын ортосуна таандык болгонун көрсөткөн. Археологдордун божомолунда, бул республика аймагында табылгандардын эң байыркысы болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай жаңылык казак археологиясы үчүн өтө маанилүү.
Паула Доумани Дюпюй, Назарбаев
университетинин ассоциацияланган профессору, археолог:
- Таш доору – адамзат тарыхындагы
эң байыркы жана узак мезгил. Казакстанда археологиялык эстеликтер өтө көп,
бирок ал кездеги адам калдыктарынын табылганы тууралуу маалыматтар жок. Бизге аларды
Көкен конушунан табуу буюрду. Бул
ачылыштын аркасында биз аталган аймакта мындан жети миң жыл мурда жашаган
адамдардын жашоосу тууралуу маалымат алдык.
Айдын Жүнисханов, Назарбаев
университети окутуучусунун жардамчысы, археолог:
- Көкентауда табылган неолит дооруна
таандык адамдын сөөгү Казакстандын археологиясы, жалпы Казакстандын илими жана
тарыхы үчүн эки жаңы ачылыш алып келди. Биринчиден, бул табылганын баалуулугу
таш доорундагы адамдардын көмүлгөн жерлери мурда табылбаганында. Радиокарбондук
маалыматтарга ылайык, бул сөөктөр мурда табылгандардан жашы жагынан улуу болуп
чыкты. Экинчиден, жаңыланган изилдөө методологиясынын аркасында сөөктөрдүн
болжолдуу жашын аныктоого мүмкүн болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков