Казакстанда мамлекеттик кызматка тандап алуу онлайн режиминде өткөрүлөт

Казакстанда мамлекеттик кызматка тандап алуу онлайн режиминде өткөрүлөт

Бул учурда прокторинг деп аталган технология колдонулат. Башкача айтканда, экзамен же тест жүргүзүүнүн процедурасы администратордун көзөмөлүндө болот. Система бардык конкурстук жараяндардын ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Айта кетсек, жаңычылдык беш мекемеде сыноодон өтүп жатат.

Дархан Жазыкбаев, мамлекеттик кызмат иштери агенттигинин төрагасы:

Быйыл «Е-кызмет» тестирлөөдөн жакшы өтсө, 2024-жылдан баштап бардык мамлекеттик органдарга киргизилет. Мамлекеттик кызматка кирген Казакстандын жарандары бул процедурадан онлайн режиминде өтүшөт.

Жандос Сарсен, мамлекеттик кызматка тандоо департаментинин мүдүрү:

- Акыркы жаңычылдык – бул айрым категориядагы адамдарды сынаксыз тандоосуз дайындоого катышуу. Булар мамлекеттик буйрутма менен окуган жана жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү, Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле, конкурстук тандоосуз жергиликтүү жана борбордук аткаруу органдарынын жетекчи кызматтарына дайындала турган адамдар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков