БУУнун дагы бир топ кызматкери Кабулдан Алматыга жеткирилди

БУУнун дагы бир топ кызматкери Кабулдан Алматыга жеткирилди

БУУнун дагы бир топ кызматкерлери Ооганстандан Алматыга жеткирилди. 108 жүргүнчүсү бар учак Алматы эл аралык аэропортуна келип конду. Бул Кабулдан келген экинчи рейс. Жүргүнчүлөрдүн арасында БУУнун кызматкерлеринен тышкары, БУУнун Ооганстандагы өнөктөштөрү болуп саналган бир нече бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү дагы бар. Уюмдун Ооганстандагы максаты - өнөктөштөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана миллиондогон муктаж оогандыктарга олуттуу гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү. Айта кетсек, БУУнун кызматкерлери менен биринчи рейс Казакстанга баш оона айынын 18де келген. Белгилүү болгондой, уюмдун бир катар өкүлдөрү өз жумуштарын аралыктан, Алматыдан аткарган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков