Борбор калаада Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоого байланыштуу экзит-поллдун маалыматтары жарыяланды. Эл аралык «Ачык коом» чөлкөм таануу институту жүргүзгөн изилдөөнүн корутундусуна ылайык:
Каракат Абден - 2,54 пайыз;
Нурлан Ауесбаев – 2,17 пайыз;
Жигули Дайрабаев – 3,33 пайыз;
Мейрам Кажыкен – 2,23 пайыз;
Касым-Жомарт Токаев – 82,45 пайыз;
Салтанат Турсынбекова - 2,08 пайыз добуш алды.
Шайлоочулардын 5,2 пайызы бюллетендеги Баарына каршы деген добуш беришкен. Ошондой эле, институттун маалыматы боюнча шайлоочулардын катышуусу 68,7 пайызга жакындады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков