К. Токаев: Улуттук курултайдын кийинки жыйыны Атырауда өтөт

К. Токаев: Улуттук курултайдын кийинки жыйыны Атырауда өтөт

Диалог аянтчасында жасалган орток пикир мыкты демилгелерди изилдөө менен Президенттин аппараты алектенет. Бул мамлекет менен коомдун ачык диалогун орнотууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Түркестандагы Улуттук курултайдын экинчи жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы өткөн жылы улут уясы болгон Улытауда өткөн жолугушуудан кийин өлкө турмушундагы олуттуу окуяларга токтолду. Биринчи курултай жалпы элдик референдумдан кийин чакырылган. Президент бул Адилеттүү Казакстанды түзүү жолундагы өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый мезгил экенин айтты. Кийинки максат – колго алынган саясий-экономикалык реформаларды коомдогу терең социалдык-маданий өзгөрүүлөр менен катар ишке ашыруу, деди президент.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Адилеттүү Казакстанды чынчыл жарандар түзөт. Бул – бири-бири менен абдан тыгыз байланышкан түшүнүктөр. Мекенге, үй-бүлөгө берилгендик – акыл-эстүүлүктүн, адептүүлүктүн белгиси. Адал иштеп, адал киреше тапкан адам ийгиликке жетип, урмат-сыйга ээ болот. Демек, Адилеттүү Казакстан жана Адал атуул деген түшүнүктөр ар дайым өлкөнүн таянычы болгон эгиз баалуулуктар катары жанаша турушу керек. Адилеттүү Казакстанды түзүү үчүн ар бир мекендешибиз чынчыл жаран болууга умтулушу зарыл. Ошол эле учурда жаш муундарды чынчыл атуул кылып тарбиялашыбыз керек. Улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдөө жана өлкөбүздүн жаңы баалуулуктарын даңазалоо боюнча системалуу иштер жасалууга тийиш.

Мында 8 негизги маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Алардын ичинен чек ара аймактарын өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жакшыртуу стратегиялык мааниге ээ.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- «Аманат» партиясы бир катар чек ара райондорун калыбына келтирүү демилгесин көтөргөнүн билесиздер. Бул маселени өкмөт менин тапшырмам менен иштеп чыккан. Ошого жараша Катон-Карагай, Маркакөл, Маканшы райондорун калыбына келтирүү боюнча негизги чечимди кабыл алдым». Албетте, буга атайын даярдык керек. Керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, өзүбүздүн каражатты, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карашыбыз керек. Быйыл бардык зарыл иштерди бүтүрүп, жакынкы эки жылдын ичинде жогорудагы үч районду калыбына келтире баштайбыз. Аймактарды, анын ичинде айылдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам. Былтыр президенттик шайлоодон кийин айыл жергесин өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койдум. Өкмөт жакынкы 5 жылда элетти өнүктүрүүгө өзгөчө аракеттерди көрөт.

Билим, илим жана маданият. Булар ар бир мамлекеттин руханий өнүгүү чөйрөсүндөгү бузулгус тармактар. Элдин тарыхый аң-сезимин жандандыруу, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоого жетиштүү көңүл буруу, тарыхый мурастарды толуктоо багытында аткарыла турган иштер арбын.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биздин өлкөдө рухий баалуулугу жогору башка нерселер жетиштүү. Алардын арасында адамзаттын асыл казынасы деп аталууга татыктуу мурастарыбыз бар. Азыр бир нече объектилерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча өтүнүч берилди. Бул иш коңшу мамлекеттер менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Жакында ЮНЕСКОнун башкы мүдүрү Одрэ Азуле айым менин чакыруум менен Казакстанга келип кетти. Ал Түркестанда да болду. Бул абройлуу эл аралык уюмдун жетекчисинин акыркы 10 жылдагы биздин өлкөгө биринчи иш сапары. Мен Азуле айым менен атайын жолугушуу өткөрдүм. Бурабай, Маркакөл коруктары, «Ортеке» өнөрү ЮНЕСКОнун тизмесине киргендигин тастыктаган документти мага берди. Мунун баары Казакстандын табигый жана маданий мурастарын дүйнөгө таанытууга жардам берери шексиз. Уникалдуу каада-салттарыбызды материалдык эмес мурастардын тизмесине кошууга байланыштуу иштерди улантуу зарыл.

Кино тармагы да реформага муктаж. Жаш муун чет элдик каармандарды эмес, өзүбүздүн баатырларды карап чоңойсун десек, кино тармагын экономиканын өзүнчө бир тармагы катары карап, көйгөйлөрдү так чечкенибиз оң, деди президент. Касым-Жомарт Токаев идеологиялык иштин негизги багыттарынын бири — китеп чыгаруу ишине да токтолду. Бирок Казакстандын рыногунда чет элдик товарлар басымдуулук кылат. Бул жаатта мамлекет башчы улуттук кызыкчылыкка жооп берген китептерди көп чыгарууга чакырды. Президент негизги кыялдарынын бири менен бөлүштү: ал күнү-түнү иштей турган Президенттик китепкананы ачуу. Белгилей кетсек, Улуттук курултайдын кезектеги жыйыны атактуу казак хандары аскерлерин курган тарыхый аймак Атырау облусунда өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков