БШКда шайлоочулардын реестери түзүлдү

БШКда шайлоочулардын реестери түзүлдү

Үчтүн айынын 1не  карата ага 11 миллион 970 миңден бир аз ашык адам киргизилди. Алар буга чейин туруктуу жашаган аймактарына алдын ала бөлүштүрүлгөн. Шайлоочулардын эң көп саны – Түркестан облусунда, эң азы – Улытауда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, ар бир шайлоо компаниясынын өзүнчө тизмеси түзүлүп жатат. Ал реестрдик жазуунун негизинде, ошондой эле добуш берүү учурунда алардын жашаган жери боюнча тизмеге киргизүү жөнүндө жарандардын берген арыздарынын негизинде даярдалат. Бул иш мамлекеттик маалымат базасынын негизинде жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелери шайлоого 20 күн калганда шайлоо участкаларына өткөрүлүп берилиши керектигин белгиледи. Тагырагы бирдин айынын 26на чейин. Ал эми жалган куран айынын 4нөн баштап алар бардык жарандар үчүн ачык болушу керек. Эске сала кетсек Казакстанда бардык деңгээлдеги Мажилистин жана Маслихаттардын депутаттарын шайлоо бир күндө – жалган куран айынын 19да өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков