Казакстандын президенти Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөп жатып, БУУну реформалоого чакырды. Өзгөрүп жаткан дүйнөдө бул стратегиялык зарылчылыкка айланды. Касым-Жомарт Токаевдин пикиринде, БУУну жаңылоо боюнча аракеттердин борбордук элементи Коопсуздук Кеңешин реформалоо болушу керек. Азиянын, Африканын, Латын Америкасынын ири мамлекеттери Коопсуздук Кеңешинде ротациялык негизде көрсөтүлүшү керек. Мындан тышкары, уюмдун негизги структурасында орто державалардын дагы үнү күчөтүлүшү кажет. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев БУУнун Уставынын эскирген жоболорун кайра карап чыгууга чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Дүйнөгө ишенимге, ачыктыкка жана жалпы жоопкерчиликке негизделген жаңы консенсус керек. Мисалы, Уставдын «душман мамлекеттерге» тиешелүү жоболору Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхый мурасы болуп саналат жана эл аралык коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү тарабынан эскирген деп таанылган. Ошондуктан, Уставды кайра карап чыгуу маселесин олуттуу талкуулоо убактысы келди.
Албетте, Казакстан ядролук державалардын ортосунда жогорку деңгээлдеги диалогду кайра жандандырууну жана өзөктүк куралды колдонуу коркунучун азайтууну активдештирүүнү колдойт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан ядролук куралсыздануу жана аны жайылтпоо боюнча жаңы диалогду кабыл алууга даяр. Биз өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин бекемдей турган жана ядролук сыноолорго жалпы тыюу салуу келишимин ишке ашырууда өнүгүүгө жетише турган бейформал, ар тараптуу талкууларга көңүл бура алабыз. Ошондой эле биз биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттикти түзүү боюнча сунушубузду ишке ашырууга чакырабыз.
Дипломатия күчөтүүнүн ордуна жана диалог күчтүн ордуна. Казакстандын Президенти Украина, Газа, Жакынкы Чыгыш жөнүндө сөз кылып жатып, дал ушуга басым жасады. Бул жерде дипломатия гана эмес, тынч жарандарды коргоо, гуманитардык колдоо, ошондой эле БУУнун борбордук ролу менен эки мамлекеттин чогуу жашоосунун негизинде чечим кабыл алуу да маанилүү. Дипломатиялык жөнгө салуунун мисалы катары АКШнын Президентинин ортомчулугу менен Азербайжан менен Армениянын ортосундагы мамилелерди нормалдаштырууну айтса болот. Буга дагы бир далил катары, күч – туруктуулукта, кызматташтыкта жана өнүгүүдө.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бүгүн Борбор Азия биримдиктин жана өз ара ишенимдин жаңы үлгүсүн көрсөтүп, эл аралык тынчтыктын жана өнүгүүнүн активдүү катышуучусу болууда. «Борбор Азия бештиги» кызматташтыкты чыңдап, аймактык тилектештик өнүгүү жана коопсуздук үчүн күчтүү күч боло аларын далилдөөдө. Бул биздин аймакка негизги глобалдык өнөктөштөр менен «Борбор Азия плюс» уникалдуу форматында диалог жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшү маселесин да көтөрдү. Ал Башкы Ассамблеяга чын куран айынын 22си Эл аралык планетаны жашылдандыруу күнү деп жарыялоо тууралуу резолюция кабыл алууну сунуштады. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле өлкөнүн саясаттагы, экономикадагы, энергетикадагы жана санариптештирүүдөгү негизги демилгелерин белгиледи. Президент Казакстанда ачык-айкындуулукка, мыйзам үстөмдүгүнө жана жарандардын укуктарын коргоого негизделген саясий системаны өркүндөтүү инвестициялар жана эл аралык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

