Жыл
башынан бери Астанага инвестициянын көлөмү дээрлик 10 пайызга өсүп, 588
миллиард теңгеге жетти. Президент Касым-Жомарт Токаевге борбор калаанын
өнүгүүсү тууралуу аким Жеңис Касымбек маалымат берди. Инвестициялар кайра
иштетүү өнөр жайы, билим берүү, соода жана логистика тармактарына багытталган.
Президентке шаардын инженердик-коммуналдык инфраструктурасы жана Smart City
долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу да маалымат берилди. Ошондой эле борбор
калаада жеңил рельстүү транспорт толугу менен ишке киргизилип, учурда Астана
ЛРТнын экинчи этабын ишке ашыруу долбоору иштелип жатат. Жакында өлкөнүн башкы
шаарында 12 окуу жайы, алты бала бакча жана ондогон коомдук жайлар ачылат.
Мындан тышкары, Астана дагы да жашылдандырылып, борбор калаага 1
миллиондон ашык дарак жана көчөт отургузулат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

