Глобалдык экономика өнүгүүнүн жаңы парадигмасына муктаж. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев 23-Боао Азия форумунун ачылышында билдирди. Айрыкча азыр дүйнөдө туруксуз геосаясий кырдаал жана экономикалык кыйынчылыктар пайда болууда. Мындай шартта Азия чөлкөмүнүн дарамети чоң, деп белгиледи Казакстандын президенти. Быйыл Азия өлкөлөрү дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 60% өсүшүнө жетиши күтүлүүдө. Бул жаатта Азия жана Кытайдын экономикасы менен жигердүү байланышта болгон Казакстандын экономикасынын өнүгүшүнө жаңы дем берилет. КЭРнын аймактагы соода-сатыгы менен салган инвестициясынын тең жарымы Казакстандын үлүшүнө туура келет. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 41 миллиард долларга жетип, тарыхый рекорд койгон.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Өткөн жылы өлкөнүн экономикасынын өсүшү 5,1 пайызды түздү. Бул дүйнөлүк экономиканын болжолдонгон өсүү темпинен дээрлик эки эсе көп. Биз орто мөөнөттүү келечекте экономикалык өсүштү 6 пайыздан кем эмес деңгээлде сактап, 2029-жылга чейин анын көлөмүн эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз. Бул максатка жетүү үчүн мен жаңы экономикалык багытты жарыяладым. Казакстандын ачык эшик саясаты, бай ресурстары жана либералдык рынок реформалары көптөгөн чет элдик, анын ичинде кытайлык компаниялардын көңүлүн бурду.
Мамлекет башчысынын айтымында, учурдагы глобалдык чакырыктарга чогуу гана каршы турууга болот. Дүйнөгө адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделген жаңы жана көп тараптуу соода системасы керек. Ошондой эле, айыл чарба тармагында кооперацияны арттыруу зарыл. Биргелешкен агро-инновациялык борборлорду түзүү жана инновациялык технологиялар трансферти азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет. Казакстан аймактагы алдыңкы дан өндүрүүчү катары глобалдык колдоо үчүн өзүнүн дараметин колдонууга ниеттенүүдө. Товарларды азиялык транспорт коридору менен Транскаспий эл аралык багыты боюнча жеткирүүгө болот.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Транскаспий
эл аралык транспорт
багыты же «Орто коридор» ушул
категорияга кирет. Бул
транспорт багыты Азия
менен Европанын ортосундагы
жеткирүү чынжырынын коопсуздугун
натыйжалуу камсыз кылат.
Өткөн жылы бул
багытта жүк ташуу
эки эсе артып,
3 миллион тоннага
жетти. Бул көрсөткүч
жакынкы жылдарда 10 миллион тоннага жетет
деп болжолдоп жатабыз.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев технологиялык кызматташтыкты чыңдоо маанилүү экенин белгиледи. Буга байланыштуу президент Азиянын алдыңкы технологиялык алптарын өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө чакырды. Анын үстүнө өлкөдө сейрек кездешүүчү металлдардын кендери бар. Өз кезегинде алар технологиялык чечимдердин зарыл шарты болуп саналат. Ошондуктан бул кызматташтыктын дагы бир келечектүү багыты болуп эсептелет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков