Касым-Жомарт Токаевдин Орусиянын Президенти менен телефон
аркылуу сүйлөшүүсү болду. Мамлекетибиздин башчысы Владимир Путинди Анкорижде
Дональд Трамп менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы менен куттуктады. Анын
пикиринде, сүйлөшүүлөр америкалык тараптын Украина боюнча Орусиянын позициясын жакшыраак
түшүнүүсүнө көмөктөшүп, бул татаал маселе боюнча жалпы пикирге келүүгө жардам
берет. Касым-Жомарт Токаев Аляскадагы саммитти Орусиянын эл аралык позициясын жана
дүйнөлүк аренада өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жагынан ийгиликтүү иш-чара деп
эсептейт. Владимир Путин өз кезегинде маектешин Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрдүн
айрым конкреттүү аспектилери жөнүндө маалымдады.
Которгон: Назира
Бегалиева

