Финляндия-Казакстан: Жүрөк ооруларына каршы дары чыгарылат

Финляндия-Казакстан: Жүрөк ооруларына каршы дары чыгарылат

Казакстанда 2025-жылдан баштап жүрөк ооруларына каршы дары-дармектер өндүрүшү ишке кошулат. Бул - ата мекендик жана финляндиялык компаниялардын биргелешкен долбоору. Бул тууралуу борбор калаада Казакстан-Фин соода-экономикалык кызматташуу комиссиясынын жыйынында белгилүү болду. Буга кошумча, тараптар өлкөдө канализациялык-тазалоо системаларынын жабдууларын чыгарууга багытталган алдыңкы технологияларды киргизүүгө байланыштуу өнөктөштүк келишимине кол койду. Жолугушууда Финляндиянын тышкы соода жана өнүгүү министри Вилле Тавио баштаган топ башка да тармактарда кызматташуу масштабын кеңейтүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Алардын айтымында, өлкөнүн дарамети чоң. Жалпысынан эки өлкө ортосундагы соода алмашуу былтыр 208 миллион долларды түзгөн. Түндүк Европа мамлекетинен Казакстан экономикасына тартылган инвестициялардын көлөмү 409 миллион долларга жетти.

Вилле Тавио, Финляндиянын Тышкы соода жана өнүгүү министри:

- Бул менин Казакстанга биринчи сапарым. Мен жергиликтүү тоо-кен, токой чарбасы, энергетика жана таза экологиялык технологиялар тармактарында иштөөгө жөндөмдүү финляндиялык компанияларды камтыган бизнес делегацияны жетектеп жатканыма кубанычтамын. Менин оюмча, Финляндия менен Казакстандын ортосундагы бизнестин көптөгөн тармактары боюнча тыгыз кызматташтык орнотууга болот. Учурда Финляндия өкмөтү Борбордук Азия рыногуна чоң көңүл буруп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков