Туран жолборстору тарыхый мекенине кайтып келишет. Улуу талаа жырткычтары Казакстанга Нидерландыдан атайын жеткирилет. Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фонду жолборсторду өлкөгө кайтаруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Эске салсак, мындан бир нече жыл мурун Казакстандын өкмөтү тукум курут болгон жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн калыбына келтирүү планын жарыялаган. Бул үчүн ар тараптуу даярдыктар көрүлүп, Балкаш көлүнүн жанынан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы түзүлгөн.
Жансая Темиржан, Экология жана табигый ресурстар министрлиги комитетинин башкы серепчиси:
– Жолборстордун Казакстанга кайтып келиши экологиялык жактан маанилүү долбоор гана эмес, биздин жаратылыш мурасыбызды калыбына келтирүүгө болгон аракетибиздин натыйжасы. Келишимге кол коюлду. Эки жолборсту, башкача айтканда, эркек жана ургаачыны белекке берүү келишими бекитилди. Иле-Балкаш коругуна өткөрүү быйыл күз айларында пландалууда. Жолборсторду көбөйтүү үчүн ыктыярдуу түрдө вольердик комплексинде багылат. Ал эми алардын тукумдары жер-жерлерге ыңгайлашуу үчүн бир жарым жаштан 2 жашка чейин спутниктик байламта аркылуу жапайы жаратылышка жиберилет.
Ошондой эле, кеминде 5 жылдан кийин Амур жолборсторунун тобун Казакстандын аймагына жөнөтүү пландалууда. Алар Орусиядан алынып келинет. Аталган талаа жаныбарынын популяциясын көбөйтүү боюнча тиешелүү келишимге 2022-жылы кол коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков