Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев президент Касым-Жомарт Токаевдин
тапшырмасы менен Ирандын Казакстандагы элчилигине барды. Дипломатиялык
миссиянын башчысы Али Акбар Джоукар менен жолугушууда Сенат Төрагасы Жогорку
руханий лидер аятолла Сейед Али Хаменеинин, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жана
жарандардын, анын ичинде балдардын өмүрүн алган кайгылуу окуяларга байланыштуу
көңүл айтуу китебине кол койду. Ал «Казакстан Республикасынын Президенти
Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин, Казакстан элинин жана парламентинин атынан
Иран элине, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен
көңүл айтабыз» деп жазды. Жазууда ошондой эле мамлекет башчысы эл аралык
талаш-тартыштарды жана конфликттерди эл аралык укукту, БУУнун Уставын сактоо
менен гана саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын ар дайым баса
белгилеп келери белгиленген. Сүйлөшүү учурунда Маулен Ашымбаев Иран өлкөнүн
жакын коңшусу жана өнөктөшү экенин баса белгилеп, Казакстандын чыр-чатакты
тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

