Казакстан
киберкоопсуздук жаатында өзүнүн санариптик чечимдерин иштеп чыгууга жана
колдонууга басым жасоодо. Бул маалыматтарды коргоо гана эмес, мамлекеттик органдарды, бизнести жана
жарандарды коопсуз кылууга жөндөмдүү ата мекендик технологияларды өнүктүрүү. Мындай
багыттардын бири - кибер эгемендүүлүктү күчөтүү жана маалыматтык коопсуздук жаатында
улуттук өнүмдөргө өтүү. Бул тема AntiFraud Forumда талкууланды. Каржы секторундагы
жана санариптик чөйрөдөгү алдамчылыкка каршы турууга арналган тармактык аянтча Астанада
банктардын, финтех-компаниялардын, жөнгө салуучулардын жана киберкоопсуздук боюнча
серепчилердин өкүлдөрүн бириктирди.
Көңүл чордонунда - финансы институттарынын кибер коркунучтарга туруктуулугу, антифрод
технологияларын киргизүү, түрк мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрү менен тармактар аралык
кызматташтыкты өнүктүрүү болду. Талдоочулардын айтымында, кибер коркунучтардын трансчек аралык
мүнөзү кибер окуялар жөнүндө маалымат алмашууну гана эмес, өзүнүн коргоочу чечимдерин
киргизүүнү талап кылат. Мисал катары дүйнөлүк стандарттарга толук жооп берген казакстандык
security-токен иштеп чыгуусу аталды. Ал жеке маалыматтарды, ошондой эле корпорациялардын
ар кандай структураларынын маалыматтарын коргоо үчүн арналган.
Руслан Тургульдинов, Tsarka Group башкы
мүдүрүнүн орун басары:
– Коргоо жана алдамчылыкка каршы күрөшүү үчүн атайын
өнүмдөргө келсек, бизде security токен бар. Ал TAUTAN деп аталат. Бул SMS же телефон
чалуу аркылуу эки факторлуу аутентификациянын ордуна колдонулган кичинекей флешкага
окшош. Ал FIDO2 алгоритминин негизинде иштелип чыккан. Бүгүнкү күндөгү эң коопсуз ачкычтарды
шифрлөө алгоритми. Өнүм бардык өлкөлөр үчүн жеткиликтүү болот. Биз аны жайылтып,
сата баштадык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

