1992-жылдын дал ушул күнү Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгү түзүлүп, 2014-жылы Улуттук гвардия болуп кайра түзүлүп, ал эми бир жылдан кийин үчтүн айынын 10да Казакстан Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Жоокерлер коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик объектилердин коопсуздугун камсыздоо, ички куралдуу кагылышуулардын алдын алуу менен алектенет. Караганды облусунда Казакстандын үч аскер бөлүгү бар. Акылбек Коңыров 6505 бөлүмүндө Аскердик полиция кызматын жетектейт. Кызматтан тышкары көрсөткөн эрдиги үчүн «Айбын» ордени менен сыйланган. Аскер кызматкери аял менен балдарга бычак менен кол салган адамдан сактап калган. Эми Акылбек Коңыров жоокерлердин укугун коргоп, куралдуу күчтөрдө мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөйт. Аскерге чакырылгандарды тарбиялоого, алардын духун, мамилесин калыптандырууга көп көңүл бөлүп келет. Өз уулдарын да аскердик кызматка даярдап жатат.
Акылбек Коңыров, Улуттук гвардиянын 6505 аскер бөлүгүнүн аскерий полиция кызматынын башчысы:
- Алар ата жолун улантат деп ойлойм, анткени мен балдарымды ошого даярдап жатам, алар да мендей аскер кызматкерлеринен болушсун, тагыраагы Улуттук гвардияга, Мекенге ак кызмат өтөшсүн деп. Бала кезимден бала бакчага барганда аскер болууну кыялданчумун. Чоң энем «Ар дайым алдыга, эч качан артка караба» деп айтчу. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Чоң энемдин аркасында агаларымдын баары аскерде иштешкендиктен, мени ошого даярдады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков