Чоң Алматы айланма жолун 2023-жылдын экинчи жарымында пайдаланууга берилет деп пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин комитети билдирди. Учурда жол куруу боюнча бардык негизги жумуштар бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө көрктөндүрүү жана жол акысын алуу системасы орнотулуп жатат. Белгилей кетсек, айланма жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында Борбордук Азиядагы жол куруунун эң ири инфраструктуралык долбоору болуп саналат. Магистраль Батыш Европа – Батыш Кытай транзиттик коридорунун негизги звеносу болууга тийиш. Белгилей кетсек, унаа жолу негизинен алты тилкелүү, айрым жерлерде төрт тилкелүү болот. Ал Алматы облусунун 14 калктуу-конушун аралап өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков