Баатырлар рухуна таазим

Баатырлар рухуна таазим

Абай атындагы Казак Улуттук педагогикалык университетинде Советтер Союзунун Баатыры Малик Габдуллиндин атындагы лекция ачылды. Окумуштуу, жазуучу фронтовик ушул эле окуу жайдын бүтүрүүчүсү жана аны 12 жыл башкарган. Бул жерден 200дөн ашуун студенттер жана окутуучулар согушка аттанган. 9у Советтер Союзунун Баатырлары болушкан. Жеңиштин 80 жылдыгына карата жогорку окуу жайда эр жүрөк бүтүрүүчүлөрдү даңазалоо үчүн «Эрдикке таазим» аттуу төш белгиси ачылды.


Болат Тилеп, Абай атындагы КазУПУ башкарма төрагасы-ректор:


- Биздин университет-казак жогорку билиминин алгачкыларынын бири. Биздин максатыбыз-бул университеттен согушка аттанган бардык бүтүрүүчүлөрдүн, студенттердин окутуучуларынын рухуна таазим кылуу, алардын бүгүнкү жаштардын жан аябас эрдиктерин биздин студенттерге даңазалоо.


Ал эми Кызылорда облусунда Советтер Союзунун Баатыры Тайимбет Көмекбаевдин урматына мемориалдык тактайча ачылды. Согуштан кийин айыл чарба тармагында күжүрмөн эмгек кылды. Баатырдын рухуна таазим кылуу үчүн, өз айылында эстелиги тургузулду.

Талдыкорган шаарынын көчөлөрүнүн бирине Советтер Союзунун Баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун ысымы ыйгарылды. Эл баатыры-Казакстандын туңгуч коргоо министри болгон. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында атамекендик Куралдуу Күчтөрдү түптөөгө болгон аракетин жумшаган мамлекеттик ишмер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков