Келечекке кам көрүү. «AQYL» мамлекеттик билим берүү тутумунун алкагында казакстандыктар 16 миңден ашуун аманат ачышкан. Жалпы суммасы 22,3 миллиард теңге. Мындай кадам менен мамлекет ата-энелерге баланы окутууга кеткен чыгымдарды кыйла кыскартууга жана үй-бүлөлүк бюджетке жүктү азайтууга жардам берет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аманаттын дагы бир артыкчылыгы - 9%га чейинки банктын сый акысы, ошондой эле жыл сайын чегерилип турган мамлекеттик премияда. Ошол эле учурда, ал Казакстандагы аманаттар кепилдик фонду тарабынан камсыздандырылган, аны менен катар, эсепти камакка алуу мүмкүн эмес. Эгерде бала грант алган болсо, анда ал акча чечилип алынышы же үчүнчү жактын билим берүү салымына которулушу мүмкүн. Же болбосо магистратурага акча төлөө үчүн үнөмдөөнү улантууга болот. Айта кетчү жагдай, үнөмдөлгөн каражаттарды Казакстандын жогорку окуу жайларында жана чет өлкөлөрдө билим алуу үчүн жумшоого болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков