Түркестан облусунда баалуу экспонаттар табылды

Түркестан облусунда баалуу экспонаттар табылды

Түркестан аймагынан биздин заманга чейинки 12-1 кылымга таандык экспонаттар табылды. Жүзүмдүк айылынын тургундары короосундагы баалуу экспонаттарды жергиликтүү музейге өткөрүп беришкен. Учурда музейде 152 экспонат бар. анын ичинде альтарь очоктор, чопо идиштер, кумуралар, турмуш-тиричилик идиштери, кулпу таш жана кол тегирмендер бар. Ошондой эле, музей байыркы доордун экспонаттарын көрүүнү каалагандар үчүн ачык. Белгилей кетсек, тарыхчылардын айтымында, Каңгүй мамлекети учурунда бул айылдын жанында жайгашкан байыркы шаар болгон. Мында алгачкы масштабдуу казма иштери 80-жылдардын ортосунда жүргүзүлгөн. Ошол учурда жер астындагы туннель жана баалуу экспонаттар табылган.

Кайрат Үсенов, музей жетекчиси:

- Музейде көптөгөн артефакттар бар: биздин заманга чейин жана V-VI кылымдагы экспонаттардан тартып. Археологдордун айтымында, Каңгүй мамлекети бул жерде орто кылымдарда болгон, ал Караханиддердин доорундагы хронологиялык мезгилге таандык. Бул жерде чоң конуш болгон. Ал Каңгүй мамлекетинин хандарынын жайкы резиденциясы катары да кызмат кылган деп болжолдонууда. Табылгаларга ылайык, бул өнөр жай, кол өнөрчүлүк борбору болгон деп айтууга болот.

Которгон: Илгиз Жамамлбеков