Казакстан президентинин архиви электрондук форматка өттү

Казакстан президентинин архиви электрондук форматка өттү

Казакстандын президентинин архивинде 30 миллиондон ашык документ электрондук форматка өткөрүлдү. Быйыл өлкөнүн документалдык мурастар сактагычы жаңы имаратка көчтү. Архив акыркы технология менен жабдылган – анда материалдарды реставрациялоо жана санариптештирүү үчүн керектүү жабдуулар бар. Эски документтерге атайын лабораторияда “экинчи өмүр” берилет. Маанилүү тарыхый маалыматтарды жарыкка чыгаруу үчүн реставраторлор ар бир чарчы миллиметрде кылдаттык менен иштешет. Азыр адистер өткөн кылымдын 20-50-жылдарындагы документтерди калыбына келтирип жатышат.


Данагуль Тюлегенова, Казакстан Республикасы президентинин архивинин 1-категориядагы архивчиси:


- Классикалык калыбына келтирүү методунда биз жоголгон аймак көрүнүп турушу үчүн арткы жарык үстөлдү колдонобуз. Анан биз жапон кагазын алабыз, жыртылганда анын жоголгон жерине эң сонун дал келген жипчелери бар. Мындай кадам менен жоголгон жерди жаабууга болот жана ал документ такыр жыртылбагандай эффект жаратат.


Чаңдан тазалоо, микроорганизмдердин бар-жогун текшерүү жана тазалоо эмгекти көп талап кылган жана жай процесс. Башка документтердин бузулушуна таптакыр жол берилбейт. Бул жерде бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган - 17-19 градус катуу көзөмөлгө алынган температура режими жана 50% нымдуулугу менен 24 заманбап сактоочу жай.


Гаухар Бекишева, Казакстан Республикасынын президенти архивинин коопсуздук жана мамлекеттик эсепке алуу кызматынын жетекчиси:


- Бул жерде мындай микроклимат автоматтык түрдө сакталат - кагаз документтер үчүн ар кандай терс көрүнүштөгү нерселердин пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле бул жылы биз архивдик кутулардын жаңы форматын алдык - бул эксплуатацияда жана сактоодо абдан ыңгайлуу, анткени бул жерде куту өзү чаңды чыгарат, ал антистатикалык  менен иштетилет. Кагаз документ менен физикалык байланыш анын эскиришине, жоголуп кеттшине алып келет, бирок бардык документтерди санарип форматка өткөрсөк, бул документтин иштөө мөөнөтүн узартат.


Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев архивдерди санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурат. Президент жалган куран айында Улуттук Курултайдын жыйынында өлкөнүн маданиятын жана мурасын дүйнөлүк санариптик мейкиндикте таанытууга негиз боло турган Улуттук санариптик архивди түзүү зарылдыгын билдирген. Чын куран айында мамлекет башчысы ишке ашыруу планын бекиткен.


Которгон: Илгиз Жамалбеков