Брюсселде Ортоңку коридорду өнүктүрүү келечеги талкууланды

Брюсселде Ортоңку коридорду өнүктүрүү келечеги талкууланды

Казакстан жана Европа Биримдиги Ортоңку коридордун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп жатышат. Европалык жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле өлкөнүн транспорттук компанияларынын өкүлдөрү инфраструктураны модернизациялоого, санариптештирүүгө, кубаттуулукту жогорулатууга жана европалык тармак менен интеграциялоого көңүл бурушту. Брюсселдеги жолугушуунун катышуучулары Транскаспий коридору Казакстан жана аймак үчүн маанилүү долбоор экенин баса белгилешти. Андан тышкары, анын кургактык бөлүгүнүн болжол менен 80% Казакстан аркылуу өтөт. 2025-жылы бул маршрут боюнча 5 миллион тонна жүк ташылган. Ушул жылдын биринчи чейрегинде 125 контейнердик поезд жөнөтүлдү, ал эми чын куран айында рекорд коюлду: бир күндө Кытайдан алты поезд келди.


Годфрид Смит, Европа жүк жөнөтүүчүлөр кеңешинин башкы катчысы:


 - Казакстан Ортоңку коридордогу негизги оюнчу жана Борбордук Азиядагы абдан маанилүү экономика. Ошондуктан, товарларды экспорттоо жана импорттоо эки экономика үчүн тең абдан маанилүү, аларды коопсуз кылуу шарт. Ортоңку коридор – бул тынчтык коридорунун бир түрү. Ал Ормуз кысыгындагы учурдагы көйгөйлөргө альтернатива болуп калышы мүмкүн жана келечекке ушундай көз караш менен кароо зарыл.


Санариптештирүү да өнүгүп жатат: Казакстан, Азербайжан жана Грузия жүктөрдү координациялоо, онлайн режиминде көзөмөлдөө үчүн күчтөрүн бириктиришти. Андан тышкары, жылдын аягына чейин Казакстан менен Азербайжан Каспий деңизинин түбү боюнча болжол менен 380 чакырым була-оптикалык байланыш желесин төшөөнү пландаштырууда. Бул долбоор Европа менен Азиянын ортосунда күчтүү санариптик коридорду түзөт.


Пьер Боргольтц, Ferrmed Европа транспорт ассоциациясынын консультативдик кеңешинин мүчөсү:


– Казакстан Кытай менен бирге трансконтиненталдык транспортту өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойноду. Маршрут жакшы иштеп жатат жана өлкө аны активдүү өнүктүрүүдө. Атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык жактан туруктуу «жашыл коридорду» түзүү да шарт.


Белгилей кетүүчү нерсе, Ортоңку коридор Европанын «Глобалдык дарбаза» стратегиясына активдүү интеграцияланып жатат. Жылдын аягына чейин бул маршрут боюнча 600дөн 1000ге чейин контейнердик поезддердин жүрүшү пландаштырылууда. Бул Казакстандын Евразиядагы негизги транзиттик жана логистикалык борбор катары ролун күчөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков