Казакстандын көмүр генерациясын өнүктүрүүгө кеминде 7,5
триллион теңге инвестиция тартуу пландалууда. Тиешелүү Улуттук долбоорду өкмөт
президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасынын алкагында бекитти. Документ
өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун 2030-жылга чейин камсыздоого багытталган.
Бул үчүн Улуттук долбоордо 8 гигаваттка жакын кубаттуулукту киргизүү жана
жаңылоо, ошондой эле сегиз жаңы энергобулак куруу каралган. Мындан тышкары,
учурдагы 11 станция модернизацияланат. Энергетика министрлиги долбоорду ишке
ашыруу инвестицияларды тартуу менен бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен
жүргүзүлөрүн белгилейт. «Таза көмүр» технологияларын киргизүүгө жана
экологиялык жүктү азайтууга өзгөчө көңүл бурулат. Тармактын өнүгүшү экономиканы
индустриялаштыруу жана санариптештирүү шартында электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга
мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Сунгат Есимханов,
энергетика вице-министри:
– Бул
Улуттук долбоордун дагы бир багыты – жаңы генерацияны киргизүү гана эмес, көмүр
менен иштеген учурдагы энергетикалык кубаттуулуктарды капиталдык оңдоо жана
модернизациялоо, кеңейтүү, алар бардык заманбап экологиялык талаптарга жооп
берет, ошондуктан таза көмүр технологиялары колдонулат. Бул принципиалдуу
позиция. Улуттук долбоор экономиканын өсүп жаткан муктаждыктарын электр
энергиясы менен сөзсүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет, анткени өнөр жай гана
эмес, мамлекет башчысы айткандай, жасалма интеллекттин өнүгүшү менен да
муктаждык өсөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

