Брюсселде Борбордук Азия мамлекеттери менен өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматташтык талкууланды

Брюсселде Борбордук Азия мамлекеттери менен өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматташтык талкууланды

Брюсселде Борбор Азиянын, Евробиримдиктин жана БУУнун өкүлдөрү климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча долбоорду ишке ашырууну талкуулашты. Программа Европа Биримдиги жана БУУнун Борбор Азиянын 5 өлкөсүндөгү табигый кырсыктарды азайтуу башкармалыгы тарабынан каржыланат. Долбоорго алгачкы үч жылда 3 миллион 750 миң евро бөлүү каралган.

Демилге суу менен камсыздоо, айыл чарба, энергетика, коопсуздук жана саламаттыкты сактоо тармактарында жумшалат. Аймактагы бул жаатта биринчи стратегия тууралуу Өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча мамлекеттер аралык борбордун мүдүрүнүн орун басары Серик Аубакиров айтып берди.

Серик Аубакиров, Өзгөчө кырдаалдар жана жаратылыш кырсыктар коркунучун азайтуу борборунун мүдүрүнүн орун басары:

Биринчи кезекте Евробиримдик менен инвестиция маселесин талкуулайлы дедик. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн каражат керек. Өзгөчө кырдаалдарда гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча оперативдүү координациялык борбор түзүүгө убакыт жетти. Себеби, байланыш жана маалыматтын жоктугунан өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү боюнча кызматтар, бийлик органдары жана гуманитардык жардам көрсөтүүчүлөр ортосунда  көп учурда келишпөөчүлүк пайда болот.

Тери Макала, Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү:

Бул жаатта Казакстан чоң роль ойной турганы талашсыз. Анткени өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу борбору Алматыда жайгашкан. Менин оюмча, сиздердин өлкө аймактагы кабыл алуучу жана координациялоочу өлкө катары өзүнүн милдеттерин абдан жакшы аткарып жатат. Бүгүн борбордун акыркы 6 жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу уктук. Бул чоң жумуш. Мунун баары бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн жасалып жатканы кубандырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков