Казакстандын премьер-министри менен Кытайдын Zijin Mining
Group компаниясынын башчысы тоо-кен металлургиялык комплекстеги инвестициялык
кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулашты. Өлкөнүн экономикасын ар
тараптандырууга багытталган долбоорлорду, ошондой эле геологиялык чалгындоо
жана жаңы кендерди өздөштүрүү жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Атап айтканда, Акмоло облусундагы долбоор талкууланды. Олжас Бектенов өкмөт
кошумча наркы жогору долбоорлорго колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Өз
кезегинде Чэнь Цзиньхэ Казакстандагы инвестициялык шарттарды жогору баалады.
Белгилей кетсек, республика алтын өндүрүү боюнча 6-орунда жана кору боюнча
13-орунда турат. Тоо-кен металлургиялык сектордун өлкөнүн ИДӨдөгү үлүшү 8%ды
түзөт. Өткөн жылы секторго 3 миллиард доллар инвестиция тартылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

